БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Батыш украин элин жөн гана кол жоолук кылып, кийин ыргытып салууну көздөп жатат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путинге шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.
"Батыш Украинанын элин жөн гана колдонуп жатат. Менимче, муну жергиликтүү калктын басымдуу бөлүгү түшүнө баштады”, — деди Путин.
Буга чейин ал бир нече жолу тышкы күчтөрдү Украинанын ички маселелерине кийлигишпөөгө чакырган.