Sputnik Кыргызстан редакциясында "Бай дыйкан" айыл чарбасын колдоо борборунун жетекчиси Эрлист Акунбеков болуп, азык-түлүк коопсуздугу жана дыйкандарды жер семирткич менен камсыздоо тууралуу баарлаштык.
"Бай дыйкан" айыл чарбасын колдоо борборунун жетекчиси Эрлист Акунбеков
— Акыркы кезде жер семирткич аябай кымбаттап кетти. Бизге көбүнчө Өзбекстан, Казакстан, Россиядан келет. Өзүбүздө өндүрүүгө мүмкүнбү?
— Кыргызстан деле бул тармакка көңүл буруп, өндүрүштү колго алса эптештирет. Жер семирткичтин сырьёсу жаратылыш газы болуп эсептелинет. Ал Түркмөнстанда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Россияда көп. Ошол себептен бул өлкөлөрдө химия өнөр жайы калыптанган. Жер семирткич үч макроэлементтен турат: азот, фосфор, анан калий. Азот — бул жаратылыш газынан жана абадан алынат. Ал эми фосфор менен калий жерден чыккан минералдар. Жер семирткичтин айыл чарбасындагы ролу абдан чоң. Себеби түшүмдүүлүктүн 65 пайызы ошондон көз каранды. Сапаттуу үрөн жана агротехнологиянын туура жүргүзүлүшү айыл чарбасынын негизин түзөт. Убагында сугаруу да керек. Дыйкандардын көбү жер семирткичке басым жасап жатат. Ушундай технологияларды сактоо менен жер семирткичти үнөмдөсө болот. Бүгүн биз айыл чарбасын экого трансформациялоону ураан кылып келебиз. Селитраны да такыр колдонбой коюуга болбойт. Биз дем алган абанын 79 пайызын азот, ал эми кычкылтек 20 пайызын эле түзөт. Жердин курамын караганда азоттун, фосфордун жана калийдин ролу чоң. Бул макроэлементтер биоорганикалык жер семирткичтердин ордун ээлей албайт. Айыл чарбасынын жакшы жолго коюлбай жатканынын дагы бир себеби — жер менен иштегендердин көбү консервативдүү көз карашта. Алар көзү менен көрмөйүнчө ишенбейт. Ушул жагынан алганда да кыска убакытта бир нерсени алып кетүү кыйын. Өкмөт жылдын аягына чейин айыл чарбасына 40 миллиард сом бөлөрүн айтып жатат. Чынында бул чоң акча.
Жыл сайын чет мамлекеттен жер семирткич ташып келе берип биз да чарчадык, аларды да байытып бүтмөй болдук. Андан көрө өзүбүздүн өндүрүштү колго алсак. Кыргызстанда завод салуу долбоору боюнча 2017-жылдан бери иштеп келебиз. Министрлер кабинети менен бул маселени талкуулаганбыз. Ушул жол менен айыл чарбасын жок дегенде макроэлементтерден көз карандысыз кыла алабыз. Бул айыл чарбасына чоң түрткү болот.
— Кыргызстан агрардык өлкө болуп саналат. Бирок бул тармакта көйгөйлөр абдан көп. Бүгүнкү экономикалык абалды, геосаясатты эске алуу менен бөлүнгөн акчаны ириде кайсы маселени чечүүгө жумшаганыбыз туура?
— Бүгүн биз капитализмде жашап жатабыз. Мында эң жогорку орунда пайда турат. Дыйканды байыта алсак, айыл чарбасына киреше болот. Жер менен иштегендерди байытуунун эки жолу бар. Жогорку деңгээлдеги түшүм алуу жана аны жакшы баага сатып берүү. Ушул механизм боюнча гана иштөө керек. Ал эми экинчи категориядан алганда, айыл чарбасын өнүктүрүүгө дыйкандын азыгын сатууга жекече көмөк беребизби же класстердик багыт боюнча карайбызбы, ушуну чечүү керек. Класстердик багытка кирген 9 айыл чарба азыгынын бири кант кызылчасын өндүрүүнү колдоп берсек да элге жакшы. Мамлекет бүгүнкү күндө класстерди күчөтүп берейин деп жатат. Биздин борбор өлкөдөгү 450 миң дыйкан чарбанын 413 миңи менен иштешет. Алар бизден жер семирткич алат, агродрондорду иштетет. Жакшы, сапаттуу үрөн, жер семирткич менен камсыздоону максат кылабыз. Азыр сапаттуу үрөн табуу кыйын. Биз биринчи орунда дыйканды байытышыбыз керек. Себеби дыйкан байыса, ал кааласа-каалабаса да рынок байыйт. Дыйкан пайда көрбөсө бир-эки жыл чыдап, үчүнчү жылы айла жок миграцияга кетет. Жылына ар бир айылдан бир-эки дыйкан сыртка чыгып кетсе, рынок канча адамга кыскарат? Ушул жагын эске алалы.
— Жер арыктап, топурактагы тиешелүү минералдык азыктар да азайып кетти. Анын натыйжасында түшүмдүүлүк аз болуп жатканын айтышат. Сиз буга кандай кеңеш берер элеңиз?
— Айыл чарбасы да илим менен байланышта, алгач эле топурактын анализинен башталат. Өкмөттүн эки-үч жерде лабораториясы бар, биздин ишкананын да лабораториялары иштейт. Түштүктө үчөө, түндүктө бирөө бар. Топуракты алып азоту, фосфору, катуулугу, нымдуулугу деп курамына ар башка химиялык реакция жүргүзүп аныкталат. Баары биригип келип 600 сомду түзөт, ушуну да жасаткысы келишпейт. Азыр "урукка келе жатканда жердин төрт бурчунан жана ортосунан топурак алып келсеңиз бекер эле анализин чыгарып берели" деп да айтып жатабыз. Мүмкүн бирөөнүн жерине селитранын кереги жоктур, ошондуктан колдон келсе жыл сайын ушундай анализ жасоо керек. Селитра — бул туз. Туздуу жерге кайра туз бере берсең шор болуп кетет. Топурак жагынан дыйкандардын түшүнүгү кенен болушу зарыл.
— Союз учурунда топурак таануу институту абдан маанилүү тармак катары эсептелген. Бүгүнкү күндө бул тармак такыр эле жоюлуп кеткенин айтышат. Анткени каражат жагынан да көйгөй бар экен.
— Бул жаатта биздин борборубуздун мектеби бар. Башкы агроном жаш агрономдор менен биргеликте иш алып барат. Ооба, ал институттун борбордогу жана Оштогу лабораториялары абдан начар акыбалда. Араң эле иш алып барып жатышат. Жабдыктардын баары эскирип кеткен. Мындан "Манас" университетиндеги лабораториянын абалы абдан мыкты, жабдыктары да заманбап, агай-эжейлери да жогорку деңгээлде иш алып барат. Биздин борбор макроэлементтердин чегинде токтоп калат. Аларда микроэлементтерди да изилдөө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок ушуну да дыйкандарга жеткире албай келебиз.
— Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан ташылган жер семирткичтер сапаты жана баасы жагынан айырмаланабы?
— Сапаты баарыныкы эле бирдей. Себеби селитраны, карбамидди чыгаргандар окшош технология менен иштешет. Ал эми АКШ менен Батыштын технологиясы мындан айырмаланып турат. Азыр жер семирткичтердин баасы дүйнөлүк абалдан улам өзгөрүп жатат. Ноябрдан баштап дүйнө жүзүндө жаратылыш газы да кымбаттады. 2012-2013-жылдары жер семирткичти 10-11 сомдун тегерегинде сатчубуз, ал кезде доллар 45-48 сом болчу. Былтыр 34-35 сомго чыккан. Анда да дыйкандар нааразы болгон. Быйыл карбамид 56 сом, калгандары 45 сомдон сатылып жаткан, азыр селитраны 42 сомго, карбамидди 51 сомго түшүрдүк. Бирок былтыркыдан 2 эсе кымбат. Доллар менен импорттоп алгандыктан чет мамлекеттин баа саясатынан көз карандыбыз. Өзбекстандан тоннасын 570 доллардан алсак, бирок Европага ошол эле жер семирткичти 700 доллардан сатып жатышат. Учурда Россиядан келбей жатат. Майдан баштап дыйкандар аммиак селитрасын сурап баштайт. Жылына Кыргызстанга 120-130 тонна жер семирткич келсе, анын ичинен калий беш миң тоннадан ашпайт. Фосфор 16-17 миң тонна, калганы бүт азот.
— Кыргызстан аянты жагынан да, элинин саны боюнча да Өзбекстан менен Казакстанга тең келе албайт. Азык-түлүк коопсуздугу, органикалык азыктарды өндүрүү жаатында тең тайлашсакчы? Бул үчүн органикалык аймактардын да көлөмүн көбөйтүү керек го...
— Бул жагынан дыйкандарга рахмат айтышыбыз керек. Өкмөт өп-чап жардам бергени менен жеке көйгөйлөрүн эл өзү эле чечип келе жатат. Булар россиялык же казакстандык дыйкандар менен эмес, мамлекети менен жалгыз күрөшүп жатпайбы. Өзбекстан менен Тажикстанга жаз 15 күн эрте келет. Анан да алардын дыйкандары бизге караганда абдан эмгекчил. Ал эми экологиялык жактан таза азыктар органикалык азыктар менен иштеген мамлекеттердин деле экономикасынын, айыл чарбасынын 7 пайызын эле түзөт. Андан ашыра албай жатат. Кыргызстанды бир мезгилде эле органикага өткөрүү кыйын. Бул үчүн атайын аймакты бөлүп жатканы туура. Азыр Ысык-Көлдөн башталды. Ошол аймактарда жер семирткич, химикат колдонбой акырын көбөйтүп отурбасак, башка жол жок. Суу, чаңдашуу жолу менен деле химия аралашып кете бериши мүмкүн. Сертификат колдо болгону менен практика жүзүндө органика деп айтуу кыйын. Бул жагынан билимди, тажрыйбаны арттырсак. Жер семирткич менен иштегеним менен өзүм органиканы жактайм. Себеби менин да бала-чакам бар. Алардын да ден соолугун ойлойм.
— Эми инвестиция да абдан маанилүү да, бизде сырттан келген каражат көбүнчө тоо-кен тармагына жумшалат. Айыл чарбасынын кайсы жаатына инвестор тартууга болот?
— Негизи инвестор — бул өтө акылдуу киши. Ал келерде баарын иликтейт. Өлкөдө аттуу-баштуу компаниялар жок болсо алар деле келбейт. Алгач бир азыктын жакшы сортун чыгарып, сатыкка коюлуучу көрүнүшү да талапка жооп бериши керек. Биз "Бир айыл — бир азык" долбоорун баштаганбыз. Концепциябыз да бар. Мисалы, бирөөнө бирдей сорттогу, келбети да жакшынакай беш миң тонна бадыраң керек болсо бир айылга келип КамАЗын толтуруп кетмек. Азыр бизде ар кайсы айылдан ар кандай сорттогу бадыраң чогултасың. Мындай шартта инвестор чакыра албайбыз.
Же болбосо инвестор келип, "баланча уруктан баланча тонна помидор чыгарып бергиле" деген буйрутма берет. Биз ошол боюнча иштеп берсек болот.
— Айыл чарба министрлиги саясат жагын ала турган болсо, ал эм ички маселелерге, азык-түлүктүн сапатына жооп бере турган агрохолдинг түзсө кандай болот?
— Негизи бир багыт экиге бөлүнүп калган. Айыл чарба министрлиги азык-түлүк коопсуздугу жана өндүрүүнү караса, алынган түшүмдү сатып өткөрүп берүү Экономика министрлигинин мойнунда. Агрохолдинг түзгөн туура. Анткени дыйкан жаманбы-жакшыбы, түшүм алып жатат. Ошону сатып берүүгө жооп берген агрохолдинг керек. Бирок анын кандай иштеп кетери бөлөк маселе. Коррупцияга аралашпай, мыкты, кесипкөй кадрларды иштеткен адам агрохолдинг түзсө экономиканы алдыга тартып кетмек.
— Бүгүн биз канча пайыз химиялык, канча пайыз органикалык жер семирткич пайдаланып жатабыз? Салыштыруу иретинде айтсак болобу?
— Негизги азык катары минералдык жер семирткичтер колдонулат, ал эми биогумус жана органикалык жер семирткичтер кошумча болуп топурак, тамыр аркылуу берилет. Айыл чарбасында химиялык жер семирткичке 4 миллиард сом сарпталса, биоорганикалык жер семирткичке ашып кетсе 40 миллион сом кетет. Эсептей келгенде 99 пайыз минералдык, 1 пайыз органикалык жер семирткичти колдонобуз. Биопрепараттар менен азот, фосфор, калийди алмаштыра албайбыз. Анткени андай технология жок. Буларды бербесең түшүмүң жакшы болбойт.
Башынан баштап минералдык жер семирткичтерди жолотпой, биогумус, биопрепараттарды гана колдонуп мыкты түшүм алууга болот. Бир гектар жерге беш тонна биогумус чачуу керек. Жакшы, сапаттуусунун килограммы 20 сом, демек, бир гектар жерге 100 миң сом сарпталат. Ал эми минералдык жер семирткичтерди алсак 10 миң сом гана болот. Эл экинчисин тандайт экен.
— Буга чейин Ала-Букадан глауконит минералдык заты табылганы айтылган. Бүгүнкү күндө бул жагы колго алынчудайбы?
— Глауконит боюнча кабардарбыз. Эч кандай иш жасалган жок. Аны элге сиңирүү ири чыгымды талап кылат. Россияда бир фермердик чарба 30 миң гектарды түзөт. Ага жалпысынан 10 миң тонна жер семирткич иштетилет. Жер семирткич сатканы барсаң коммерциялык директору менен башкы инженерине гана жолугасың. Ал эми Кыргызстанда 10 миң тоннаны сатуу үчүн 10 миң адам менен иштешүүгө туура келет. Ошончолук жарнама жасап, бир нече адамды жалдоо зарыл. Биздин айыл чарбанын татаалдыгы да ошол. Алгач глауконит тууралуу маалыматты дыйкандарга жеткирүү керек. Фермерлер анча-мынчага ишенбейт, аны иш жүзүндө көргөзүп бересиң.
Сапаттуу үрөн жана агротехнологиянын туура жүргүзүлүшү айыл чарбасынын негизин түзөт. Ал эми дыйкандарды жер семирткич менен камсыздоодо импорт эмес, өзүбүздөн өндүрүүгө бел байлоочу учур келгендей.
— Химиялык завод өзүн-өзү актабайт. Болбосо Кыргызстанга эчак эле салынмак. 12 жылдан бери ушул тармакта иштеп, импортсуз иш алып баруунун жолдорун карап чыкканбыз. Алдыңкы технологиядагы завод куралы деп долбоор да түздүк. Азыр ал даяр. Мамлекеттен бизге болгону кепилдик керек. Ал завод бери жагы эле 300 миллион доллар турат. Кыргызстанга келүүчү инвесторлор мамлекет гарант болбосо акчаң менен жакшы бала экениң жетишсиз деп жатат. Өкмөткө бул маселени койгом. Акча болсо 1,5 жылда куруп коюуга болот. Ишке ашып калса Кыргызстан үчүн чоң иш жасамакпыз.