Нур-Султанда Кыргызстандын элчилигинин жаңы имаратын куруу маселеси талкууланды

Жолугушуу бүгүн Нур-Султан шаарында болуп өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев менен Нур-Султан шаарынын мэри Алтай Көлгинов элчиликтин жаңы имаратын куруу үчүн жертилкесин бөлүп берүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Жолугушуу бүгүн болуп өттү.
“Анын жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташуунун актуалдуу маселелерин, атап айтканда, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата алдыда боло турган иш-чараларды, ошондой элеэки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Элчиликтин жаңы имаратын куруу үчүн казак тараптан жер тилкеси берилери айтылды”, — деп билдиришти ТИМден.
Айта кетсек, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов ушул аптада Бишкекке келет.
Май айында Кыргызстанга ЕАЭБ өлкө башчылары келет