БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев кыргыз өкмөтүнүн АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын сындады.
Ал бүгүнкү күндө кырдаал өтө оор экенин, өзгөчө эл аралык мамиле боюнча дүйнөдө чоң өзгөрүү болуп жатканын белгиледи. Мындан улам тышкы иштер министри кызматына бара жаткан Жээнбек Кулубаевге кайрылды.
"Мен коммунист катары сизге айтып коёюн, жакын арада биздин айрым жетекчилер АКШнын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, келишим боюнча сөз болгон. Өз убагында келишим жокко чыгарылганын сиз жакшы билесиз. Эгер биз калыс, нейтралдуу позицияны сактай турган болсок, ушул багыттагы иштерди токтотуп турсак адилеттүү болот", — деди Масалиев.
Анын айтымында, бир жагынан Россиянын кинолорун көрсөтпөө чечимин кабыл алып, экинчи жагынан АКШнын жетекчилери менен сүйлөшүү туура эмес.
"Мен пикиримди айтып коёюн, калганын өзүңүздөр чечесиздер. Албетте, тышкы саясатты тескөө президентке таандык. Бирок жаран катары суранат элем, Кыргызстан сөзсүз максатына жетиши керек, жеке кызыкчылыктарды коргошубуз зарыл. Бирок биз бир топ тармак боюнча мурдагы СССР өлкөлөрү менен биримдигибиз бар. Ушуну кеңеш катары эске алып койсоңуздар. Шашпай чечим кабыл алган туура болот. Сураныч", — деди Масалиев.
Белгилей кетсек, өткөн жумада министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, финансы министри Алмаз Бакетаев жана юстиция министри Аяз Баетов АКШнын борбору Вашингтонго иш сапары менен барып келген.