Кытайда биринчи жолу адамдан куш тумоосу аныкталды

Илдетти Чжумадянь шаарында жашаган төрт жаштагы бала илештирип алган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кытайдын Хэнань провинциясында адамдын H3N8 куш тумоосун жуктуруп алган биринчи учуру аныкталды. Бул тууралуу Кытайдын саламаттык сактоо маселеси боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына таянып РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, куш тумоосун Чжумадянь шаарында жашаган төрт жаштагы бала жуктуруп алган. Оорунун алгачкы белгилери байкалганга чейин бөбөк үй канаттуусу менен байланышта болгон. Анын үйүнөн анча алыс эмес жерде жапайы өрдөктөр дагы жүргөнү айтылды.
"Бөбөктө биринчи белгилер 5-апрелде байкалып, абалы начарлагандыктан, 10-апрелде ал ооруканага жаткырылган. Анализ жүргүзүлгөндөн кийин бала H3N8 инфекциясын илештирип алганы аныкталган", — деп жазылат билдирмеде.
Эксперттердин алдын ала берген баамына караганда, H3N8 вирусу алгач куштарда аныкталып, адамдарга жуккан эмес. Ал дүйнө жүзү боюнча жылкы, ит, канаттуу жана тюлендерден табылган. Бирок адамдардан аныкталганы тууралуу буга чейин айтылган эмес.
Кытайдын саламаттык сактоо маселеси боюнча мамлекеттик комитети билдиргендей, вирустун жайылып кетүү тобокелчилиги төмөн.
Радио
Нурматов: гепатиттин тарашы табияттын адамга жообу десек болот