Өлкөдө камсыздандыруу компанияларына кайрылгандардын саны 2 эсе көбөйдү

Камсыздандыруу компанияларына жалпысынан 967 миллиард сомдон ашык акча келип түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. 2021-жылы өлкөдө камсыздандыруу боюнча түзүлгөн келишимдердин саны дээрлик эки эсе көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруунун суммасы 2020-жылга салыштырмалуу 45 пайызга көбөйүү менен 967 миллиард сомдон ашкан.
Жыл ичинде 8 миңден ашык камсыздандыруу учурлары катталган. Анын ичинен басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 66 пайызы ыктыярдуу медициналык камсыздандырууга туура келди.
Зыяндын ордун толтурууга жумшалган каражаттын 57 пайызы ыктыярдуу мүлктү камсыздандырууга, 24 пайызы жеке медициналык камсыздандырууга берилген.
Радио
Чекиров: "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" 25,5 млн. сом киреше тапты