"Газпром" Болгария менен Польшага газ берүүнү токтотту

1-апрелден тарта Россия кастык мамиледеги мамлекеттер менен газ үчүн рубль менен эсептешмей болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. "Газпром" болгариялык "Булгаргаз" менен польшалык PGNiG компанияларына газ жеткирүүнү токтотту. Буга алардын отунду рубль менен сатып алууга макул болбой койгону себеп болгонун РИА Новости жазды.
"Газпром экспорт" аталган эки компанияны 27-апрелден тарта газ берүү токтотулары боюнча кабардар кылган. Мындай нерсе төлөмдөр тийиштүү тартипте жүргүзүлгөнгө чейин уланары айтылган (рубль менен эсептешүү башталганга чейин).
Маалыматка караганда, 26-апрелдин иш күнүнүн соңуна чейин төлөмдөр жаңы система менен аткарылган эмес.
Компаниядан эскерткендей, Болгария менен Польша транзиттик өлкө болуп эсептелет. Эгер үчүнчү өлкөлөр үчүн кеткен сырьёнун көлөмү мыйзамсыз негизде кемип кала турган болсо транзиттик жеткирүүлөр ошончо көлөмгө азая турганы белгиленди.
1-апрелден тарта Россия кастык мамиледеги мамлекеттер менен газ үчүн рубль менен эсептешмей болгон. Президенттин жарлыгына ылайык, Газпромбанк атайын валюталык жана рублдик эсептерди ачкан. Сатып алуучу биринчи эсепке келишимде көрсөтүлгөн керектүү сумманы которгондон кийин банк аны Москва биржасында сатып, экинчи эсепке рубль түрүндө которот. Ошонун эсебинен сырьёго төлөнөт.
Владимир Путин рубль менен төлөөдөн баш тарткандарды келишимдик милдеттерди аткаруудан баш тартуу катары кабылдана турганын айткан.
Космостон урулган өзөктүк соккудан сактайт. "Прометей" тутумуна мүнөздөмө