Алтын казуудан түшкөн кирешенин 30%ын мамлекетке алуу мыйзамы сунушталды

Мыйзам күчүнө кирсе буга чейин берилип калган лицензияларга тиешеси болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстанда алтын казган компаниялардын кирешесинин кеминде 30 пайыздык үлүшүн милдеттүү түрдө мамлекетке алуу мыйзам долбоору сунушталды.
Демилгечи депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, алтын казууга лицензия берүүдө ушундай талап коюлат.
"Бүгүнкү күндө кен казган компаниялар салык төлөп, аймактык фондуларга акча төгүп, социалдык пакеттерди гана берип келишет. Буга чейин лицензияны 300-1000 сомго алып, андан кийин башкаларга миллион долларга сатып келишкен. Эгер биз ушул мыйзамды эртерээк кабыл алганыбызда Жер-Үй алтын кенинен кеминде 1 миллиард доллар калат эле. Анын запасы 100 тоннаны түзөт", — деди Маматалиев.
Ошондой эле ал 30 пайыздык үлүш мамлекетке алтын казган компаниянын таза пайдасынан эмес, жалпы түшкөн кирешесинин эсебинен алына турганын белгиледи.
Эгер мыйзам күчүнө кирсе, буга чейин берилип калган лицензияларга тиешеси болбойт.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар: Улугбек Ормонов, Нурлан Шакиев, Нуржигит Кадырбеков, Жанар Акаев, Камила Талиева, Жеңишбек Токторбаев, Акылбек Түмөнбаев.
Жапаров быйыл Кумтөрдөн 17 тоннанын тегерегинде алтын казыларын билдирди