Садыр Жапаров Макронду президент болуп кайра шайланышы менен куттуктады

Франциянын Конституциялык сотунун төрагасы 27-апрель күнү мамлекет башчы беш жылдык мөөнөткө шайланганын расмий жарыялайт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Садыр Жапаров Эммануэль Макронду Франциянын президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
"Бул жооптуу кызматка кайрадан шайланышыңыз француз элинин сизге болгон жогорку ишенимин ырастайт. Мен өз тарабымдан Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы конструктивдүү диалог жана өз ара пайдалуу кызматташтык улантылат деп эсептейм", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Макрон шайлоонун экинчи турунда көпчүлүк добушка ээ болуп, Марин Ле Пенди артта калтырды.
Франциянын Конституциялык сотунун төрагасы 27-апрель күнү мамлекет башчы беш жылдык мөөнөткө шайланганын расмий жарыялайт.
Францияда президенттик шайлоонун экинчи турунда Макрон алдыда келе жатат