БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргызстанда уюлдук телефондор катталат, бирок ал үчүн 700 сом акы алынбайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдирди.
Буга чейин Санариптик өнүктүрүү министрлиги уюлдук телефонду акы төлөп каттоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койгону айтылган. Көп өтпөй мекеме мыйзам долбоорунун сунушталган вариантынын негиздемеси ЖМК өкүлдөрү тарабынан туура эмес чечмеленгенин айтып, эч кандай акы төлөнбөй турганын билдирген.
"Мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан редакциясына ылайык, телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 700 сом акы алынбайт. Идентификациялоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Өкмөт мобилдик каражаттарды идентификациялоо өлкөгө кирчү контрабандалык товарларга каршы күрөшүүдө оң таасир этет деп эсептейт. Ошондой эле бизнестин көмүскөдөн чыгуусуна жардам берерин кошумчалайт.