Спортто булчуңдарын өстүрүш үчүн түрдүү биологиялык активдүү заттарды (БАЗ) ичип жүргөн эркектерде эмчек рагына кабылуу ыктымалдуулугу жогорулайт. Бул тууралуу Чолпон Дөөлөталиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда жылына бир эркек эмчек рагы менен катталат.
"Эмчек рагы эркектерде да кездешет. Бул негизинен гормондук өзгөрүүлөрдөн келип чыгат же травма алганда да пайда болушу мүмкүн. Ал эми гормондук өзгөрүүлөргө эркектер арасында спорт менен алектенип, булчуң өстүрүү үчүн түрдүү БАЗдарды, сыраны өтө көп ичкендер чалдыгышат. Гормондук өзгөрүү болгондо дароо эле эмчек рагы өсүп чыкпайт. Бейтапка алгач гинекомастия деген диагноз коюлат. Ал залал шишикпи же кандай экени текшерүүлөрдөн кийин гана белгилүү болот", — деди Дөөлөталиева.
Ал эркектер эмчек рагына кабылган учурда дарылоо ыкмалары аялдардыкындай эле болорун кошумчалады.