Президент 2020-жылдан бери өлкөнүн тышкы карызы канчага өскөнүн айтты

Мамлекет башчы мындан ары тышкы карызды көбөйтпөй, тескерисинче, жапканга аракет кыла турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Оппозиция элди дүрбөтүп, 1 миллиард долларга жакын тыштан карыз алды деп айтып жаткан маалымат калп. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине курган маегинде билдирди.
Өлкө башчы каалоочулар Каржы министрлигине барып иликтеп көрсө болорун белгиледи.
"2020-жылдын октябрынан берки тышкы карыз болгону 84 миллион долларга көбөйдү. Муну иликтегичтер Каржы министрлигине барып тактап чыксаңар болот. Анан да бул сумма мурдатан түзүлгөн келишимдин негизинде келген акча. Мындан тышкары, бир топ каражат грант түрүндө келип жатат. Алар кайтарымсыз. Мындан ары тышкы карызды көбөйтпөй, тескерисинче, жапканга аракет кылабыз. Кыскасы, президенттик биринчи мөөнөтүм бүткөнчө тышкы карызыбыздын эң жок дегенде жарымын жаап кеткенге аракет кылам", — деди Жапаров.
Өлкө башчы суу, Украинадагы кризис, жаңы Ак үй, Кумтөр маселелери боюнча дагы суроолорго жооп берген.
Жапаров: диплому жоктор Жогорку Кеңешке депутат болушун колдобойм