БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Казакстанга суу беребиз, өзүбүзгө да жетет. Бул тууралуу Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде билдирди.
Журналист андан "Коңшу Казакстанга суу беребизби? Берсек, кандай шартта? Өзүбүзгө жетпей калбайбы?" деп сураган.
"Эл аралык нормалардын жана келишимдин негизинде беребиз. Өзүбүзгө да жетет", — деген президент.
Ошондой эле өлкө башчы быйыл Токтогул суу сактагычында суу тартыш болбой турганын айтып, былтыркыга караганда көп топтолот деп ишендирген. Божомол боюнча, 13 миллиарддан ашык куб суу болот.