Садыр Жапаров: жаңы жылга чейин бардык тармактын айлыгын көтөрүп беребиз

Журналист президентке "башка тармактардын айлыгы дагы көтөрүлөбү?" деген суроо узаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Быйыл жаңы жылга чейин бардык тармактагылардын айлык акысын көтөрүп беребиз. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Журналист президентке "социалдык кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлдү. Эми башка тармактардыкы дагы көтөрүлөбү? Эгер көтөрүлсө, качан?" деген суроо узаткан.
"Кудай буюрса, экинчи кварталдан кийин көтөрөбүз деп пландап жатабыз. Кыскасы, быйыл жаңы жылга чейин бардык тармактарга көтөрүп беребиз", — деди президент.
Буга чейин Жапаров 1-апрелден тарта мугалим, актер, китепканачы сыяктуу социалдык, маданият, саламаттык сактоо тармактарынын 309 миңге жакын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулай турганын билдирген. Ага 2022-жылдын 9 айына кошумча 26 миллиард сом бөлүнгөнү айтылган.
Медиктердин айлыгы көтөрүлөт. Министрлик ким канча аларын түшүндүрдү