БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. ФСБ россиялык белгилүү тележурналисттердин бирин өлтүрүүгө аракет кылган террордук топтун ишин токтотту. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин Башкы прокуратуранын кеңейтилген кеңешмесинде билдирген.
"Бүгүн эртең менен Коопсуздук боюнча федералдык кызмат россиялык белгилүү тележурналисттердин бирин өлтүрүүнү пландап, ага аракет жасаган террордук топтун ишин токтотту", — деп айткан президент.
РИА Новости ФСБ ишмердүүлүгүнө Россия тыюу салынган неонацисттик террордук уюмга караштуу топтун Владимир Соловьевдин өмүрүнө кол салууга аракет кылган мүчөлөрүн кармагандыгын жазды. Аларга Украинанын Коопсуздук кызматы буйрутма бергендиги айтылууда.
Тинтүү учурунда колго жасалган жарылуучу алты түзүлүш, 8 "Молотов коктейли", алты тапанча, колго кесилген аңчылык мылтыгы, РГД-5 гранатасы, бир миңден ашуун патрон, баңгизаттар, Украинанын жасалма паспорту, улутчулдук боюнча адабияттар жана атрибутика алынган.
Маалыматты кылмыштуу топтун мүчөсү учурда Соловьевду өлтүрүү боюнча кантип даярдык көрүлгөндүгүн айтып берип жатканы айтылды. Кылмышты жасагандан кийин алар чет өлкөгө чыгып кетүүнү пландашканы да кабарланды.