БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ичке ичегинин рагына диагноз коюу кыйын, ооруну убагында аныктоо үчүн эң көп таралган беш симптомун билип алган оң. Бул тууралуу онколог Иван Карасевге шилтеме берип "Известия" жазды.
Адис белгилегендей, рактын бул түрү симптомсуз өрчүп отуруп, шишик акыркы баскычына чейин жетиши мүмкүн. Оорунун баштапкы учурунда толугу менен айыгып кетүүгө 80 пайыз мүмкүнчүлүк бар.
Дарыгердин айтымында, ичке ичегинин рагына кабылган адамдын көбүнчө жүрөгү айланып, кускусу келет, ичи катат жана өтөт, киндик тушу ооруйт, ошондой эле заңы кан аралаш чыгарын айтты.
Карасев ичегисинде өнөкөт оорусу барлар тобокел тобунда экенин айткан. Ошондой эле тукумунда рактын бул түрү менен жабыркагандар абайлашы керек.
Адис ичегинин шишик оорусунан алыс болуу үчүн майлуу жана ышталган тамак-ашты азайтууну сунуштады.