Соловьевдун автоунаасын жардырмак болушкан. Кармалгандар планы боюнча айтышты

Тергөө комитети кылмыш ишинин алты фигуранты боюнча айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Неонацисттер журналист Владимир Соловьевдун автоунаасын жардырып өлтүрүүнү пландашкан. Бул туурасында Россиянын Тергөө комитети Telegram каналында билдирди.
Буга чейин РФ президенти Владимир Путин ФСБ белгилүү тележурналистти өлтүрүүнү көздөгөн террордук топтун ишмердүүлүгүн токтотконун айткан.
Тергөө комитети кылмыш ишинин алты фигуранты боюнча айтты.
Тинтүү учурунда алардан колго жасалган жарылуучу алты түзүлүш, 8 "Молотов коктейли", алты тапанча, колго кесилген аңчылык мылтыгы, РГД-5 гранатасы, бир миңден ашуун патрон, баңгизаттар, Украинанын жасалма паспорту, улутчулдук боюнча адабияттар жана атрибутика алынган.
Мындан сырткары, Sputnik Ближнее зарубежье Москвада кармалгандар Соловьевду эмес, "Россия сегодня" ЭМАсынын башкы директору Дмитрий Киселевду, агенттиктин башкы редактору Маргарита Симоньян жана башка журналисттерди өлтүрүүнү талкуулашкан.
Шектүүлөр кармалган, ал эми тергөө алардын камакка алынышын сунуштагандыгын билдирди.
*Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук уюм
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина тараптан Россиянын айылына снаряд түштү