Депутат, сот болуу талабы татаалдашат. Жарандык боюнча жаңы мыйзам долбоору

Бул демилге чет элдик тыңчылардын мамлекеттик сырды таратып жиберишине жол бербөө максатында иштелип чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаты, сот, укук коргоо органдарынын кызматкери, коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкери жана мамлекеттик бийлик органдарында жетекчи болуп иштөө талабы татаалдашы мүмкүн. Бул туурасында ЖК депутаттары мыйзам долбоорун жазып, коомдук талкууга койду.
Аталган орундар жогорку мамлекеттик кызмат болуп саналгандыктан, анда иштегендер мамлекеттик сырга жана башка кызматтык пайдалануу үчүн маалыматка ээ боло алары белгиленген. Ушуга байланыштуу жогоруда аталган кызмат орундарына дайындалган адамдарга атайын талаптар коюлат.
"Учурдагы ченемдик-укуктук актыларда жогоруда аталган кызмат орундарына талапкер болгон адамдарда Кыргыз Республикасынын жарандыгынын болушу боюнча гана норма бар. Жарандык алган жана чет мамлекеттин атуулдугунан чыккандан кийинки мөөнөт боюнча талап коюлган эмес. Бул чет өлкөнүн жарандыгынан жакында эле чыккандардын мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды башка өлкөнүн атайын кызматтарына жеткирүү сыяктуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн", — деп жазылган долбоордун маалыматтык негиздемесинде.
Ушуга байланыштуу башка өлкөнүн жарандыгынан баш тартканына жана КР атуулдугун алганына 5 жыл өтмөйүн мамлекеттик бийлик органдарында иштөөгө тыюу салуу сунушталган. Муну менен "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" мыйзамынын 22-беренесине өзгөртүү киргизилет.
Демилгечилер — ЖК депутаттары: Айбек Осмонов, Нурбек Сыдыгалиев, Надира Нарматова, Марлен Маматалиев, Жанар Акаев, Нуржигит Кадырбеков, Айгүл Айдарова, Улан Бакасов, Шайлообек Атазов, Тазабек Икрамов, Айбек Маткеримов.
500 миң доллар салган инвесторго кыргыз жарандыгын берүү мыйзамы демилгеленди