Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Евробиримдик Россияга карата кезектеги санкцияларды киргизүү ниетинде

Буга чейин Еврокомиссия Россия 2021-жылы ЕБге болжол менен көгүлтүр оттун 45 пайызын берип, негизги импортер болгондугун билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Евробиримдик Москвага каршы санкциялардын алтынчы пакетин даярдап жатат, бул Россия мунай затынын импортуна таасирин тийгизет. Бул туурасында Еврокомиссиянын (ЕК) вице-президенти Валдис Домбровскистин айтканын РИА Новости жазды.
"Биз санкциялардын алтынчы пакетин даярдап жатабыз, каралган маселелердин бири — нефть эмбаргосунун формасы. Санкция киргизгенде ал Россияга болгон басымды күчөтүп, аны менен бирге эле өзүбүзгө зыяны азыраак тийгидей кылышыбыз керек", — деген Домбровскис.
ЕКтин вице-президентинин айтымында, россиялык нефтиге тиешелүү болгон санкциялардын деталдары азырынча макулдашыла элек. Алар Россиянын газынан акырындап баш тартууну пландоону же экспортко белгиленген тарифтен жогорку баа киргизүү мүмкүндүгүн айтты.
Евробиримдик сырттан келген газдан көз каранды. Буга чейин Еврокомиссия Россия 2021-жылы ЕБге болжол менен көгүлтүр оттун 45 пайызын берип, негизги импортер болгондугун билдирген. ЕК Евробиримдиктин Россия газынан, нефть менен көмүрүнөн көз карандысыздыгын 2027-жылга карата жоюу боюнча планды сунуштай турганын айтты.
Россия 24-февралда Украинага карата атайын операцияны баштаган. Ага жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага катар-катар санкцияларды салган. Алар биринчи иретте банк секторуна жана жогорку технологиялуу продукцияларга кесепетин тийгизиш керек дешкен. Бир катар бренддер өлкөдө ишин токтоткондугун жарыя кылышты.
Кремль аны буга чейин болуп көрбөгөндөй экономикалык согуш деп атады. Бийлик мындай сценарийге мурдатан эле даярдангандыгын айтып, социалдык милдеттенмелер мурдагысындай эле аткарыла берерине ишендирди. Борбордук банк валюта рыногундагы абалды стабилдештирүү боюнча чараларды көрүп жатат. Бийлик аны менен катар эле газ үчүн акыны кастарын тигип жаткан өлкөлөр рубль менен төлөш керектигин билдирди. Өкмөт санкцияларга каршы туруу үчүн жүзгө чукул демилгелерди камтыган атайын план даярдаган. Финансылоо көлөмү орто эсеп менен алганда триллион рублди камтыйт.
Бирок Европа күйүүчү майдын кымбатташына жана андан улам пайда болгон азык-түлүк инфляциясына кабылды. Мындай жагдай Европа биримдигиндеги көптөгөн жарандардын нааразылыгын жаратууда.
Европанын үч өлкөсү Россиянын газын алууга салынган тыюуга каршы чыкты