Каржы пирамидасын түзүп 200 млн. юань алып качкан. Кытайлык жаран кармалган видео

Кытайлык киши тогуз жыл мурун Пекинде каржы пирамидасын түзүп иштеген. Башкы прокуратура аны өлкөсүнө экстрадициялоо маселесин карап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бишкекте 2013-жылы өз өлкөсүндө каржы пирамидасын түзүп, ири суммадагы акча каражатын алып кетүүгө шектелген Кытайдын 51 жаштагы жараны Чж.Ч. кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Шектүү 2014-жылдан бери Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн.
"Чж.Ч. аттуу киши 2013-жылдын март айында Пекиндеги компаниялардын бирин башкарып турганда алдоо жана каржы пирамидасын түзүү жолу менен 200 миллион юань суммасындагы депозитти алып чыгып, белгисиз тарапка качып кеткен", — деп жазылган маалыматта.
Бул факт боюнча чет өлкөлүккө Интерпол издөө жарыялаган.
Ал 19-апрель күнү ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жана Интерпол улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери тарабынан кармалган.
Учурда кытайлык киши №1 тергөө абагына бир айга камакка алынды. Башкы прокуратура аны өлкөсүнө экстрадициялоо маселесин карап жатат.
Шоу-бизнес жылдыздары, абайлагыла! Милиция алдамчылардан сак болууну эскертти