Бишкекте жеңил көлүк менен кагышкан өрт өчүрүүчү автоунаа оодарылып кетти. Видео

Кырсыктан турак үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө бара жаткан ӨКМдин үч кызматкери жабыркаган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бишкекте чакырууга бара жаткан өрт өчүрүүчү автоунаа жеңил көлүк менен кагышып, аласалып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Жол кырсыктын видеосу интернетке жарыяланды. Анда көрүнүп тургандай, өрт өчүрүүчү автоунаа сиренасын күйгүзүп кетип бара жатканда капталдан чыккан автоунаа менен кагышкан. Жыйынтыгында атайын кызматтын автоунаасы аласалып кеткен.
Маалым болгондой, жол кырсыгы Ак-Босого жаңы конушунда болгон. Андан турак үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө бара жаткан ӨКМдин үч кызматкери жабыркаган.
Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулунун айтымында, жол кырсык Архитекторлор жана Профессор Зима көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Жабыркаган үч адам ооруканага жеткирилген.
Машина талкаланып калган. Чүйдөгү жол кырсыктан эки адам каза тапты