Бишкектеги митингчилер Жээнбековду камакка алууну талап кылышууда. Видео

Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуялары боюнча кезектеги отурум өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бишкекте Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары митинг өткөрүп жатышат.
Акциянын катышуучулары Алмазбек Атамбаевди бошотуп, экс-президент Сооронбай Жээнбековду камакка алууну талап кылышууда.
1 / 5

Бишкекте Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары митинг өткөрүп жатышат

2 / 5

Акциянын катышуучулары Алмазбек Атамбаевди бошотуп, экс-президент Сооронбай Жээнбековду камакка алууну талап кылышууда

3 / 5

Бүгүн, 25-апрелде, Октябрь окуялары боюнча сот жыйыны өтүп жатат

4 / 5

Жыйындар залына конвойдун коштоосунда президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов алып келинди. Ал эми Алмазбек Атамбаев сотко келген жок.

5 / 5

Сот процессине Социалисттик жана социал-демократиялык партиялардын дүйнөлүк уюмунун башкы катчысы Луис Айала катышты

Бүгүн, 25-апрелде, Октябрь окуялары боюнча сот жыйыны өтүп жатат. Жыйындар залына конвойдун коштоосунда президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов алып келинди. Ал эми Алмазбек Атамбаев сотко келген жок.
Сот процессине Социалисттик жана социал-демократиялык партиялардын дүйнөлүк уюмунун башкы катчысы Луис Айала катышты.
Алмазбек Атамбаев Молдовановкадагы абакка которулду