Акындар арасында "Жаш толкун" республикалык сынагы жарыяланды. Шарттары

Сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки жаш акындар катыша алат. Конкурстук чыгармалар 15-июнга чейин кабыл алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жаш акындар арасында "Жаш толкун — 2022" II республикалык сынагы жарыяланды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Конкурсту Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд Улуттук жазуучулар союзунун колдоосу менен өткөрүүдө. Байге фонду — 200 миң сом.
Ага 18 жаштан 35 жашка чейинки акындар катыша алат. Конкурстук чыгармалар 15-июнга чейин кабыл алынмакчы.
Ал эми арыздарды fond.tursunbekov@gmail.com электрондук дарегине же кагаз түрүндөгү вариантын почта менен Кулиев көчөсү, № 2, почта индекси 720010го жиберүүгө болот.
Кенен маалымат алуу үчүн 0312 65 86 58 жана 0557 27 23 07 номерлерине байланышуу керек.
Майдагы каникулда Ош мэриясы концерт, оюндарды уюштурат. Программа