Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина тараптан Россиянын айылына снаряд түштү

Айыл Украина менен болгон чек арадан жети чакырым алыстыкта жайгашкан. Учурда абал тынч.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Россиянын Белгород районунун жетекчиси Владимир Перцев Украина тараптан чек арадан анча алыс эмес жайгашкан Отрадное айылына снаряд учуп түшкөнүн кабарлады.
Айыл Украина менен болгон чек арадан жети чакырым алыстыкта жайгашкан.
"Урматтуу Белгород районунун жашоочулары! Отрядное айылында болгон окуя тууралуу маалымат берейин. Тилекке каршы, Украина тараптан снаряд учуп келгени чындык. Айрым ЖМКлар жазгандай снаряд мүрзөгө эмес, талаага түшкөн. Айрымдар айткандай алтоо эмес, бир снаряд түшкөн", — деди ал.
Район башчысынын айтымында, имараттар жана адамдар жабыркаган жок. Абал тынч.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Азовсталдагы" туннелдик согуш көпкө узабайт. Аскерий сереп