"Ак кеме", "Бөрү зынданды" камерага түшүргөн Манас Мусаев 80 жашта. Сүрөттөр

Бүгүн – белгилүү кинооператор Манас Мусаевдин туулган күнү. Өмүрүн ата мекендик кинематографияга арнаган инсан 80 жашка толду.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги киночунун өмүрү, чыгармачылыгындагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Манас Мусаев 1942-жылы 24-апрелде Нарын шаарында төрөлүп, балалыгы Кочкор, Сокулук райондорунда өткөн. Ал элетке концерт коюп келген артисттерди коштоп барган кинооператорду көрүп, кызыгуусу арткан. Ошондон тарта ата-энеси сатып берген фотоаппаратты колунан түшүрбөй өз алдынча үйрөнүп, айылдагы бир топ карыяларды сүрөткө тартат. 1959-жылы мектепти аяктаган соң борбор калаадагы киностудияда операторлордун жардамчысы болуп эки жылдай иштеп, андан соң Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтуна тапшырган. ЖОЖду операторлук адистиги боюнча бүтүргөн жаш жигит мекенге кайтып келип жергиликтүү режиссерлор менен жигердүү иштешкен.
КРдин эл артисти "Ак кеме", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Бөрү зындан", "Жалаң эркектер", "Процесс", "Адамдар арасында" өңдүү ондон ашык тасманы камерага түшүргөн. "Ак кемедеги" жогорку кесипкөйлүгү үчүн СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган. Профессор азыр Кыргыз-түрк "Манас" университетинде жаштарга сабак берип иштеп келет.
1 / 15

Манас Мусаев көпчүлүк кыргыз кинорежиссерлору менен иштешкен

2 / 15

"Процесс" кинокартинасын тартуу учуру. Оператор Мусаев менен режиссер Жали Соданбек, 1979-жыл.

3 / 15

"Жалаң эркектерди" тартуудагы кадр артындагы көрүнүш. Кинорежиссер Альгимантас Видугирис менен оператор Манас Мусаев.

4 / 15

Адаттагыдай эле камерасын шыкаалаган Мусаев, образга кирген актерлор. "Ак кемени" тартуу учуру.

5 / 15

Бакыт Карагуловдун тасмасында камерасын көтөргөн КРдин эл артисти, 1985-жыл

6 / 15

КРдин эл артисттери: Геннадий Базаров, Актан Арым Кубат жана Манас Мусаев. Каракол шаары, 1989-жыл.

7 / 15

Тик учактын ичинде иштеген оператор Мусаев, режиссер Жали Соданбек жана актриса. 1992-жыл

8 / 15

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, москвалык оператор Александр Гальперин жана Манас Мусаев "Кыргызфильмдин" 40 жылдыгында

9 / 15

Катаал тоолуу шартта Манас Мусаев колго жасалган конструкциялар менен панорамалык обзорду чеберчилик менен тарткан

10 / 15

Токойдо карагайга чыгып алып иштеген Манас Мусаев, Ысык-Көл, 1975-жыл

11 / 15

"Бөрү зынданды" тартуу учуру. Кылмышкердин ролундагы Мурат Мамбетов жана анын маңдайында камера менен иштеген Манас Мусаев.

12 / 15

Кинорежиссер Төлөмүш Океевдин "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата тарткан "Ошондо Манас деп ураан чакырып" аталышындагы даректүү тасмасы. Анда Нуртай Борбиев менен Манас Мусаев операторлук милдетти аткарган.

13 / 15

Тоодо кезектеги шедевр жараткан киночулар. Ортодо Манас Мусаев менен Артык Сүйүндүков.

14 / 15

Замандаштар: ортодо режиссер Геннадий Базаров менен оператор Манас Мусаев

15 / 15

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин профессору азыр жаштарга сабак берүү менен алек