Казакстандын өкмөт башчысы Бишкекке иш сапары менен келет

Коңшу мамлекеттин премьер-министри өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов жума күнү, 29-апрелде, Бишкекке кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын премьер-министринин орун басары — соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жолуккан.
Алар Смаиловдун өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн болчу иш сапарына, ошондой эле президент Касым-Жомарт Токаевдин өлкөгө жасачу расмий сапарына карата даярдык көрүүнү талкуулады.
Кожошев Казакстандын вице-премьери менен "Ак-Тилек" бекетинде жолукту. Сүрөт