Бишкектин айрым жерлери 25-апрелде жарыксыз калат

Мекеменин бригадалары жабдууларды оңдоп, бутактарды кыркышат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 25-апрелде, Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.
Мекеменин бригадалары жабдууларды оңдоп, бутактарды кыркып, таянычтардын ордун которот.
График:
Саат 9:00дөн 17:00гө чейин — Чоң-Арык айылында (Чыңгыз Айтматов проспекти, Северная, Семетей, Жеңиштин 50 жылдыгы, Ульяновск, Восточная, Шушенский проспекти), Лев Толстой, Лущин, Мурманская, Фрунзе тилкелеринде, Садыгалиев, Дэн Сяопин, Владимирская, Тоголок Молдо, Патрис Лумумба, Профсоюзная көчөлөрү, Абдрахманов көчөсүндөгү №4 үй, Арча-Бешик конушунда (Эр-Тайлак, Ак-Таң, Камбар-Ата көчөлөрү);
Саат 9:30дан 17:00гө чейин - Абдрахманов, Күрөңкеев, Маяковский көчөлөрүнүн участокторунда, Төмөнкү Ала-Арча айылында (Новая көчөсү, Средный проспекти), Ак-Бата жана Алтын-Казык конуштарында;
саат 9:30дан 17:30га чейин — алтынчы кичи райондогу №11, 16, 17, 18 үйлөрдө;
саат 9:30дан 17:50гө чейин — Учкун конушунда (Үч-Төлгө, Чуңкурчак, Сатыбалдиев көчөлөрүндө);
Саат 10:00дөн 17:00гө чейин — Бакай-Ата конушунда (Анар, Ырчы уул, Эр Табылды, Таалай, Манасчы, Бакай-Ата, Сыргак көчөлөрү).
Бишкектин кээ бир жеринде 26-апрель күнү 12 саатка суу өчөт