Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Башкасы түгүл тез татым да кымбаттап... Асмандаган бааларга америкалыктар айран-таң

АКШ жана Европа биримдигинде инфляция жетер чегине жетти. Америкалыктар менен европалыктар мындайды 80-жылдардан бери көрө элек болчу. Айрыкча бензин менен электр кубаты эсептерин эңшерүүдө. Россияга каршы санкциялардын натыйжасы ушул.
Sputnik
Батыштагылар дагы канчага чейин катуу үнөмдөөгө аргасыз болушарына Ирина Бадмаева баам салган. Серепчинин макаласы РИА Новости сайтында жарыяланган.

Санкциялар эмнеге кептеди?

Март айында АКШда жылдык инфляция сегиз жарым пайызга чейин өскөнүн маалымдайт өлкөнүн Эмгек министрлиги. Февралда бул көрсөткүч 7,9 пайызды түзгөн. Баарынан бензиндин баасы абдан көтөрүлүп, бир галлону (төрт литрдин тегереги) төрт доллардан ашты. Бул, албетте, транспорт чыгымдарынын да көбөйүшүн шарттады. Америкалыктар сүйгөн тез татым да кымбаттады. Бардык чыгымдардын үчтөн бирин "жалмаган" электр кубаты жана ижара акысы да кем калышпайт.
Булардын баарына Россиянын Украинадагы аскердик операциясын айыптады Жо Байден.
"Инфляциянын жетимиш пайызына Путиндин бензин баасын көтөргөнү себеп", — дейт ал. Чындыгында Америкада кымбатчылык былтыртан тарта эле башталганын белгилейт
The Wall Street Journal. Бирок өздөрүнүн саясий нугуна караганда Москваны айыптоо аларга пайдалуу эмеспи. Аталган басылма рекорддук инфляциянын себебин "ашкере федералдык чыгымдар жана жумшак акча-саясий саясат" деп көрсөтөт.
Коронакаатчылыктын кесепетин жеңүү үчүн өнүккөн өлкөлөрдүн каржылык бийлиги акча басуу станогун болушунча иштетип, мисалы, Кошмо Штаттардын Федералдык резервдик тутуму экономикасына триллион доллар салган. Ошол эле учурда дээрлик нөлгө чукул базалык ченин калтырган.
"Иш жүзүндө кирешелүү доллар менен евро банк жана фондулук рынокто баалуу кагаздарга салым салган инвесторлордун колунда болду. Анткен менен баары: буудай менен мунайдан тарта жүк ташуучулардын акысына чейин кымбаттады", — дейт AMarkets аналитикалык департаментинин жетекчиси Артем Деев.
Пандемияда колго тийген акчаларын адамдар активдүү сарптап, баанын көтөрүлүшүн тездетишти. Мында айрым товарлардын таңсыктыгы да роль ойноп кетти. Эң оболу мындай кырдаал микросхемалар жетишсиз болгон гаджет, автомобилдердин баасына таасир этти.
Кошмо Штаттардын Федералдык резервдик тутуму былтыр инфляция утурумдук экенин жыл бою кайталап келген. Чындыгында баанын өсүшүн ооздуктай турган маалды колдон чыгарып алды. Марттын ортосунда алгач ирет өлкөнүн каржылык жөнгө салуучусу ченди жылдык 0,25-0,5 пайызга көтөрдү.
"Болду-болбоду, июндун аягында пайыздык чен бир жарым пайызга чыгат. Инфляцияны ооздуктоо үчүн катуу аракет кылууга туура келет. Бирок жайдын ортосуна чейин андай аракеттен майнап чыгары арсар", — деп жоромолдойт BitRiver компаниясынын тышкы байланыштар боюнча директору Андрей Лобода.
Кошмо Штаттардын Федералдык резервдик тутумунун шашпастыгы америкалыктардын капчыгына доо кетирген. Эми Россияга каршы санкциялардын айынан да эсептери эңшерилет.
Сегизинчи мартта Жо Байден РФтен мунай жана башка энергетикалык ресурстарды сатып алууга тыюу салган. Ошол чечим да керектөөчүлөргө кедергисин тийгизери түшүнүктүү эле. Мунайдын баасы дароо баррелине 130 долларга чыкты. Анын артынан май куюучу жайлардагы баалар асмандады.
"Сурамжылоолорго ылайык, калктын алты пайызы гана Путинди, ал эми көпчүлүк америкалык президенттин саясатын айыптоодо", — деп белгилейт абройлуу америкалык Fox News телеканалынын алып баруучусу Шон Хэннити. Анын айтымында, Байдендин башкаруусунун 15 айында "ойдогудай жүргөн нерсе жок".
"Туура ишке ашырылган эч нерсени атай албайм. Бардык балээге Путин күнөөлүү экен. Бул жалган. Кудай жалгап Кошмо Штаттардын тургундары муну түшүнүп турат", — деди журналист.
Кымбаттап бараткан бензин — АКШ үчүн талуу темалардан. Бирок өлкө үчүн эң оор жагдай — Жо Байден көздөгөн жашыл энергетикага багыт алуу экенин айтат Шон Хэннити. Мунай менен көгүлтүр отту пайдаланууну кескин азайтуу күйүүчү майдын баасын өстүрүп, инфляцияны ылдамдатты. Бирок бул туурасында америкалык президенттин эстегиси да жок.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Куру убада, насыяга берилген эски курал. Батыштын Украинага көрсөткөн "жардамы"

Инфляция дүйнө аралап...

Вашингтон Россиядан энергетикалык ресурстарды алуудан баш тартууга Европа биримдигин да мажбурлоодо. Бирок европалыктар ашыккан жок. Айрым мамлекеттер "россиялык мунай жана газдан толук көз каранды" экенин белгилейт Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен.
Айтмакчы, америкалыктар кезегинде санкциялар аркылуу рыноктон венесуэлалык жана ирандык кара алтынды алып коюшкан. Ал убакта иран-ирак согушунун кесепетинен мунай баасы кескин кымбаттап кеткен эле. Европада айрыкча өткөн айда бул өндүрүмдөрдүн баасы кымбаттап кетти. Экинчи орунда — азык-түлүк, алкоголь жана тамеки. Үчүнчү сапта — тейлөө тармагы.
"Баалар өсө берет. Өндүрүштүк жана логистикалык чынжырдын үзүлүшү, сырьенун таңсыктыгы жана дүйнөлүк баалар муну өбөлгөлөйт", — деп боолголойт Артем Деев.
Германияда жыл ичинде инфляция жети-сегиз пайызды түзгөнүн маалымдады Deutsche Bank вице-президенти Карл фон Рор. Эгер россиялык энергетикалык ресурстарга эмбарго салынып кала турган болсо, тогуз пайыздан ашарын божомолдойт аталган банк.
"Инфляциянын жогорулашы жана экономикалык өсүштүн басаңдашы Европа биримдигинин экономикасын артка тартууда. Кырдаалды түзөлтүп жибергидей жылыш да сезилбейт.
ВВП ФРГ жана Франциянын ички дүң өндүрүмдөрүнүн өсүшү төмөн болушу Батыш Европанын бардык өлкөлөрү үчүн терс таасирин тийгизүүдө. Чөлкөм кооптуу чекте турат. Өнөр жай жана жана кошумча наркы жогору тармактар кысым алдында. Анан да Европалык борбордук банктын акча басчу станогу да жандырылбайт", — деп түшүндүрөт Андрей Лобода.
Инфляция Улуу Британияда да рекордду кагууда. Өткөн айда анын жылдык көрсөткүчү жети пайызды – бул 1992-жылдан берки максимумду түздү. Баарынан да экономика электр кубатынын баасынан жабыркап турат. Британиялыктар үчүн көгүлтүр от жана электр кубатынын эсептери 54 пайызга жогорулап — 1 227ден дароо 1 971 фунт стерлингге (долларга айландырганда – 1 660 жана 2 570) чыкты. Октябрда дагы өсөрү күтүлүүдө. Электр кубатынын баасы жыл ичинде 115-130 пайызга көтөрүлдү.
Россияда март айында жылдык инфляция 16,69 пайызга чыгып, буга дүйнөлүк баалардын таасири тийди. "Ага рублдин девальвациясы да кошумча болду. Калганына чет өлкөлүк жабдуулардан көз каранды болгон өндүрүшчүлөрдүн чыгымдарынын көбөйүшү себеп. Бир аз убакыттан соң таңсык боло турган импорттук товарлар да кымбаттады", — деп талдайт Каржыны башкаруу жогорку мектебинин аналитикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Коган. Өтө маанилүү деп саналган россиялык өнөр жай тармактары сырттан ташып келинчү товарлардан бир топ көз каранды. Чет өлкөлүк кошумча нарк үлүшү да 50 пайыздан ашат. Негизинен бул – антироссиялык санкцияларды колдогон өлкөлөрдөн келчү импорт. Аларга тез арада альтернатива табуу оңой эмес. Ал эми жетишсиз болуп турган компоненттерди өз алдынча алмаштырууга нечендеген жылдар кетет.
Россия үчүнчү чейректин башында "структуралык трансформация жана бизнестин жаңы үлгүлөрүн издөө мезгилине киришерин" билдирди РФ Борбордук банкынын башчысы Эльвира Набиуллина Мамлекеттик Думадагы жыйында. Экономика дайым эле запастар менен жашай албайт. Ошол себептен инфляция улам жогорулай берет. Май айында баалардын 20 пайызга көтөрүлөрү күтүлүүдө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: АКШда психологиялык жактан кыйналып жаткандардын саны көбөйүүдө