Парижде Көлдө тартылган "Адмиралдын" бет ачары болду. Сүрөт

Картина "Ысык-Көл кемечилиги" ишканасынын мурдагы директору Борис Чумаков туурасында баяндап берет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Париж шаарында Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин колдоосу менен "Адмирал Чумаков" деп аталган даректүү фильмдин бет ачары өттү. Бул туурасында Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.
1 / 3

Париж шаарында Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин колдоосу менен "Адмирал Чумаков" деп аталган даректүү фильмдин бет ачары өттү

2 / 3

Картина "Ысык-Көл кемечилиги" ишканасынын мурдагы директору Борис Чумаков туурасында баяндап берет

3 / 3

Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз бул иш-чара Кыргызстан менен Франция дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына арналып өткөрүлгөнүн өзүнүн социалдык баракчасына жазды

Картина "Ысык-Көл кемечилиги" ишканасынын мурдагы директору Борис Чумаков туурасында баяндап берет.
"Ал адамды эл арасында "Адмирал" деп аташат. Бул мезгилде ал Ысык-Көлдүн жээгинде жашайт", — деп айтылган маалыматта.
Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз бул иш-чара Кыргызстан менен Франция дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына арналып өткөрүлгөнүн өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
"Келген эл да ыраазы болуп кайтты. Дал ушундай чыгармалар элдердин ортосунда достук көпүрөсүн курат", — деген Садык Шер-Нияз.
Фильм 2021-жылы Кыргызстанда франциялык киночулар Лорье Фурньё жана Арно Альбероланын кош режиссёрлугунда тартылган.
Быйыл "Оскар" сыйлыгы кимдерге буюрду? Тизме