Кыргызстандан канча акча сыртка которулду. Эки айдын маалыматы

Жылдар менен салыштыра келгенде быйылкы көрсөткүч рекорд койду.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстандан январь жана февраль айында сыртка 75 миллион 450 миң доллар которулду. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.
Кеп жарандардын атайын система аркылуу жиберген каражаты тууралуу болуп жатат.
Бул Улуттук банк мониторинг жүргүзүп баштаган 2005-жылдан берки убакыттын алгачкы эки айында катталган ири көрсөткүч болду.
Январь-февраль айындагы маалыматтарды салыштырсак (которулган каражат 60 миллион доллардан ашкан жылдар көрсөтүлдү):
2021 — 74 миллион 520 миң доллар;
2020 — 74,9 миллион;
2019 — 74,8 миллион.
Эгерде Кыргызстанга кирген жана чыккан акчаны салыштыра турган болсок, бул жылдын эки айындагы сумма да рекорд койду. Тагыраагы, сыртка которулган каражат 289,2 миллион долларга көп.
Ал эми былтыркы жылкы статистикада өлкөгө которулган акча чыгарылган каражаттан 254 миллион долларга көп болгон.
Улуттук банк акча которуунун жаңы эрежесине түшүндүрмө берди