36 жашында СССРдин эл артисти болгон. Болот Миңжылкыевдин сүрөттө калган элеси

Бүгүн белгилүү опера ырчысы, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Болот Миңжылкыевдин туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар талантты эскерүүдө.
Sputnik
Болот Миңжылкыев бала кезинен ырга жакын өсүп, 1957-жылы мектепти аяктагандан кийин Опера жана балет театрынын алдындагы хор студиясына кирген. Андан соң Москвадагы консерваторияга тапшырып өтпөй, Ташкенттеги консерваториянын вокалдык факультетинин даярдоо бөлүмүндө окуган.
Өзбекстан Миңжылкыевди алып калууга аракет кылган. Бирок ал мекенине кайтып келип, Фрунзедеги Опера жана балет театрына жумушка кирген. Кийин Италиянын Милан шаарында кесипкөйлүгүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. "Ла Скала" театрында үч жыл окуп, ырчылык чеберчилигин өрчүткөн бул өнөрдүн керемет даамын сезген.
Опера ырчысы чыгармачылыгынын аркасы менен дүйнөнү түрө кыдырган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты 25 жашында Фрунзедеги Опера жана балет театрынын солисти, 33 жашында эки эл аралык сынактын жеңүүчүсү, 36 жашында эле СССРдин эл артисти болгонго жетишкен.
Таланттуу инсандын чыгармачылыгындагы кызыктуу фактылар менен таанышсаңыз болот.
1 / 14

Болот Миңжылкыев 1940-жылы 23-апрелде Фрунзе шаарында геологдун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген

2 / 14

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, опера ырчысы Болот Миңжылкыев жана атактуу актёр Сүймөнкул Чокморов. Фрунзе шаары, 1970-жылдар

3 / 14

Миңжылкыев 25 жашында Фрунзедеги Опера жана балет театрына жумушка алынган

4 / 14

Кезектеги тасманы талкуулоо. Режиссёр Дооронбек Садырбаев менен

5 / 14

Белгилүү кинооператор Кадыржан Кыдыралиев жана актёр Сүймөнкул Чокморов менен студияда

6 / 14

Опера жана балет театрынан кесиптештери менен. Миңжылкыевдин тамашалары

7 / 14

Миңжылкыев менен чогуу иштешүү бактысына ээ болгондун баары аны чын пейилден жакшы көрөр эле. "Кыргызстандын искусствосу" тасмасын тартуу учуру

8 / 14

Сахналаштар: ортодо дирижёр Асанкан Жумакматов, ырчы Болот Миңжылкыев

9 / 14

Таланттуу инсан операнын мекени болгон Италиядагы "Ла Скала" театрында үч жыл окуган

10 / 14

Репетициялардын ортосундагы танапис

11 / 14

Пионерлер менен тасма тартуу учурунда. 1984-жыл

12 / 14

Кыргыз ССРинин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда дагы сабак берип, 1986-жылы профессор наамын алган

13 / 14

Чыгармачыл инсан фестиваль, маданият күндөрүнө катышып бир топ мамлекеттерге барган

14 / 14

СССРдин эл артистинин көзү тирүү болгондо быйыл 82 жашка толмок

Тема боюнча:
Таланттуу ырчы, ай жаркын айым. Дарика Жалгасынованын сүрөттөгү ирмемдери
87 жашка толмок. Кыргыздын кыйындарынын бири Байжиевдин сүрөттө калган ирмемдери
Күздө 75 жашка толмок... Марат Алышпаевдин сүрөттө калган ирмемдери
Көпүрө куруп, темир жол салган кыргыздар. Өндүрүш жанданган тарыхый ирмемдер