Буту-кол муздайт. Дарыгер кан басым түшүп кеткенин кантип билсе болорун айтты

Кан басым түшкөн учурдун белгилери байкалса, адам жата калса жүрөккө кайткан кандын көлөмү көбөйүп, организм тез калыбына келет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов кан басым түшүп кеткен учурдагы белгилерди санап берди.
"Организмдин бардык бөлүгүнө кан жетпей, ал кычкылтек менен жетиштүү камсыздалбай калганда баш айланып ооруйт, көз караңгылашып, адамдын алы кетет. Буту-колу муздап, адам кубарып кетиши ыктымал. Ал эми дароо тура калганда көз караңгылашып, баш айланып кетсе, анда мээге кан жакшы жетпей жатат деп түшүнүү керек. Адам отурганда же жатканда ашказанга, ичегилерге, бутка 500-800 миллилитрдей кан түшүп кетет. Мындан улам мээге кан жетпей калат. Ошол учурда адам кайра жата калса жүрөккө кайткан кандын көлөмү көбөйүп, организм тез калыбына келет", — деди дарыгер.
Осмонов кан басымга географиялык абал да таасир этерин айтып, бийик тоолуу аймактарда кан басым төмөндөп кетерин эскерткен. Анткени организмде кычкылтек көбөйүп, тамырлар кеңейет.
Кан басым тууралуу дарыгердин кеңештерин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Радио
Осмонов: стресс, эмоционалдык чыңалуу кан басымды төмөндөтүшү ыктымал