Эртең Бишкектин борбордук бөлүгүндө электр кубаты өчүрүлөт

Электриктердин эртең менентен тарта кечке чейин трансформаторду оңдоо менен алектенери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү бир катар аймактар эртең, 24-апрелде, убактылуу электр кубатысыз каларын "Түндүк электр" ишканасынан билдирди.
Саат 9:00дөн 18:00гө чейин Фрунзе, Орозбеков жана Панфилов атындагы көчөлөрдүн бир катар тилкелериндеги үйлөрдө электр энергиясы болбойт.
Электриктердин бригадалары трансформаторду оңдоп-түзөй турганы маалымдалды.
Ак үйдүн алынган тосмосу ооруканага орнотулабы? Министрликтин жообу