Радио

Донбаева: Ботаникалык бактын мэриянын карамагында болушу туура эмес

Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева аталган институтту муниципалитетке өткөрүүнүн кесепетин айтты.
Sputnik
Ботаникалык бактын Бишкек мэриясынын карамагында болушу туура эмес. Бул тууралуу Гүлайым Донбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган илим-изилдөө институтун шаардык муниципалитеттин карамагына өткөрүү тууралуу 2021-жылдан тарта айтыла баштаган.
"Ботаникалык бак түзүлгөндөн тартып мамлекеттик каржылоодо болуп келген. Союз мезгилинде жакшы каражат бөлүнүп, бактын ролу жогорулаган. Калктуу пунктуларды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана айыл чарба багытында сунуштарды берип келген. Эгемендүүлүк алгандан тартып жетиштүү каржы бөлүнбөй, кесипкөй адистердин көбү кетүүгө мажбур болушту. Азыр институтта өз ишине берилген чыныгы фанаттар иштейт. Анан эле соңку убактарда, тактап айтканда, 2021-жылдын соңу менен шаардык муниципалитеттин карамагына өткөрүү тууралуу айтыла баштады. Буга караманча каршыбыз. Себеби мэрияда илим-изилдөө бөлүмү жок, алардын карамагында болгондо шаардын деңгээлинде гана иш алып барууга туура келет. Ал эми ботаникалык бак республиканын бардык аймагы боюнча өсүмдүктөрдү климатташтыруу, адаптациялоо, интродукциялоосун (бир аймактагы өсүмдүк, жаныбарларды башка чөйрөгө көндүрүү) жүргүзгөн жалгыз илимий мекеме. Муниципалитетке өтсө, өлкө аймагында кайсы өсүмдүктөрдү өстүрүүгө болору тууралуу кеңешти бир дагы мекеме бере албай калышы ыктымал", — деди Донбаева.
Ошондой эле ал климатташтырылган өсүмдүктөр ар кандай дарттарга туруктуу келерин кошумчалады.