Ак үйдүн алынган тосмосу ооруканага орнотулабы? Министрликтин жообу

Жогорку Кеңештин имаратын курчап турган тосмо 2020-жылдын ноябрында алып салынган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Ак үйдүн короосунан алып салынган тосмолор Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун имаратынын алдына орнотулбайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда аталган оорукана Ак үйдүн тосмолору менен курчала турганын жазышкан.
Маалыматка ылайык, медициналык мекеменин азыркы жетекчилиги аны орнотууга каршы чыккан. Себеби оор конструкцияларды карматуучу каражаттарды алып, орнотуу иштери кымбатка түшөт. Тосмону оорукананын мурдагы жетекчилиги койдургусу келгени белгиленди.
Министрлик президенттин иш башкармалыгы тосмолорду оорукананын аймагынан алып кетерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Аскар Акаев президент болуп турган кезде орнотулган Ак үйдүн алдындагы тосмо 2020-жылдын ноябрь айында алып салынган. Бийлик муну менен "элге ачык" болгусу келгенин жарыялаган. Тосмонун бир аз гана бөлүгү калган, анда 2010-жылдагы апрель окуясында каза болгондордун аты-жөнү жазылган такта бар.
Ак үйдүн тегерегиндеги тосмонун пайдубалы түртүлүп жатат. Видео, сүрөт