Жээнбек Кулубаев ТИМ башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Буга чейин Руслан Казакбаев президенттин жарлыгы боюнча кызматтан алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

"Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча Жээнбек Кулубаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, ТИМ башчысынын милдетин аткармай болду", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Руслан Казакбаев президенттин жарлыгы менен кызматтан алынганы айтылган.
Эрлан Абдылдаев Тажикстанга элчи болду