Кремль: Путин Гутерришти кабыл алат

Башкы катчы Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуу үчүн 26-апрелде Москвада болот.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришти кабыл алат. Бул тууралуу РИА Новости РФ башчысынын маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымына таянып жазды.
Песков билдиргендей, Гутерриш Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуу үчүн 26-апрелде Москвага келет.

"Шейшемби күнү, 26-апрелде, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуу үчүн Москвага БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш келет. Аны РФ башчысы Владимир Путин да кабыл алат", — деген ал.

Буга чейин Гутерриш Украинадагы жаңжалды токтотууга чакырган.
Россия БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде байкоочу бойдон калды