Кыргызстанда спорт тармагын 1-июнга чейин каржылоо кыскартылды. Себеби

Буга чейин социалдык тармакка Спорт департаменттин директору Канат Шабданбаевдин буйругу тарап кеткен. Мекеме турнирлерди жана машыгууларды каржылоо эмнеге кыскарганын түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстанда алдынкы айда ири спорттук иш-чаралар пландалгандыктан өлкө ичинде майдараак турнирлерди өткөрүү жана атлеттерди чет мамлекетке машыгууга жиберүү 1-июнга чейин кыскарды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармакка департаменттин директору Канат Шабданбаевдин 19-апрелде чыккан буйругу тарап кеткен. Анда өлкөдө айлык акылар көтөрүлгөндүктөн улам бюджетте акча үнөмдөлүп, спорт тармагын каржылоо июнга чейин кыскарганы жазылган.
Спорт департаменти каржылоону кыскартуу бир гана айлык акыга байланыштуу эмес экенин, алдынкы айларда ири спорттук иш-чаралардын бардыгы календарлык планга киргизилип калгандыктан, үнөмдөөнү туура көрүшкөнүн билдирди.
"Атап айтканда, календарлык планга Монголиядагы Азия чемпионаты, Ысык-Көл марафону, Бразилиядагы Сурдолимпиада оюндары, Бишкекте өтө турчу U17 жана U23 Азия оюндары, Кытайдагы Азия жана Пара Азия оюндары, Түркиядагы Көчмөндөр оюндары киргизилген. Бул мелдештерге даярдык көрүүгө мамлекеттик бюджеттен болжолу менен 200 миллион сом талап кылынат. Буга байланыштуу департамент бардык эле иш-чараны каржылай албайт", — деп жазылган маалыматта.
Спорт департаменти каражаттардын жумшалышына кагаз жүзүндө уруксат берилерин жана ага көзөмөл жүргүзүлүп турарын кошумчалады.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барууга кыргыз өкмөтү 100 млн. сом жумшайт