Улуттук университетти СССРдин мыкты окуу жайына айланткан. Кайып Оторбаевди эскерүү

Бүгүн өмүрүн илимге, спортко жана коомдук иштерге арнаган окумуштуу Кайып Оторбаевдин туулган күнү. Ал 1922-жылы 22-апрелде Кемин районунун Тегирменти айылында жарык дүйнөгө келген.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги академиктин сүрөттө калган ирмемдерин сунуштоодо.
Илимпоздун балалыгы Алматы, Фрунзе шаарында, Чоң-Кеминде өтүп, борбор калаадагы №1 орто мектепти 1936-жылы аяктаган. Шаардагы коммуналдык-курулуш техникумун бүтүрүп, куруучу болуп эмгектенген. Кийин Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун артыкчылык менен аяктап, 1950-жылы Москвадагы СССРдин Илимдер академиясынын География институтунда аспирантурада окуган.
Оторбаев өмүр бою Илимдер академиясында иштеп, 400дөй илимий эмгек, 40тан ашык монография жана китеп жазып, алар англис, француз, немец жана испан тилдерине которулган. Андан сырткары илимдин беш докторун жана 20дан ашык кандидатын тарбиялаган.
Кайып Оторбаев 13 жашында эле волейбол боюнча өлкөнүн курама командасында ойноп, эл аралык мелдештерге катышкан. Кыргыздын чыгаан уулу 2015-жылы 93 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.
1 / 13

Кайып Оторбаев беш жашында атасыз калып, апасы жана эже-жездесинин колунда өскөн

2 / 13

Болочоктогу окумуштуу Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда билим алып жүргөндө Улуу Ата Мекендик согуш башталып кетип, ал башкалардай эле кан майданга аттанган

3 / 13

Жаш студент 1950-жылы Москвадагы СССРдин Илимдер академиясынын география институтунда аспирантурада окуган

4 / 13

Кайып Оторбаев окуучу кезинен эле футболду мыкты ойноп, "Динамо", "Спартак" жана "Зенит" командасына кирген. Сүрөттө коомдук ишмер ардагер спортчулар менен

5 / 13

Академик, СССРдин Географиялык коомунун ардактуу мүчөсү Кыргызстандын экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө арналган изилдөөлөрдү жүргүзгөн

6 / 13

Оторбаев 400дөй илимий эмгек, 40тан ашык монография жана китептерди жазган. Ал эмгектери англис, француз, немец жана испан тилдеринде жарыяланган

7 / 13

Биринчи катчы Турдакун Усубалиев Кыргыз улуттук университетине ректор кылып Кайып Оторбаевди дайындаган. Ал бир нече жыл ичинде университетти СССРдеги он мыкты окуу жайдын катарына кошконго жетишкен

8 / 13

География илимдеринин доктору, академик Илимдер академиясында көп жыл иштеген

9 / 13

Кайып Оторбаев илимпоз кесиптештери менен

10 / 13

Кайып Оторбаев байбичеси менен физика-математика илимдеринин доктору, Кыргызстандын экс-премьер-министри Жоомарт Оторбаевди тарбиялап чоңойткон

11 / 13

География илимдеринин доктору, академик студенттердин курчоосунда

12 / 13

Илимпоз түгөйлөр: Кайып Оторбаевдин колуктусу Мария Нанаева бала-бакырасы, неберелери менен

13 / 13

Көрүнүктүү илимпоз 2015-жылы 93 жаш курагында көз жумган