Лавров: санкциялар шартында ЕАЭБдин келечеги бар

Министр өзүбүзгө жана башка аймактардагы ишенимдүү өнөктөштөргө гана көбүрөөк таянуу керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Санкциялар шартында Евразия экономикалык биримдигинин келечеги бар. Ага мүчө мамлекеттер анын жаркын келечеги үчүн иштеп жатат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Казакстандын ТИМ башчысы Мухтар Тлеуберди менен болгон сүйлөшүү учурунда билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.
Лавровдун айтымында, Россияга каршы санкциялар мыйзамга туура келбейт жана аны киргизүү менен Батыш глобалдашуунун бардык принциптерин тоготпой жатат.

"Акыркы айларда жаңы шартта интеграциялык пландарыбызды улантууга багытталган вице-премьерлердин деңгээлинде бир нече жыйын болду. Биз өзүбүзгө жана башка аймактардагы ишенимдүү өнөктөштөргө гана көбүрөөк таянышыбыз керек. ЕАЭБдин келечеги бар. Ага мүчө мамлекеттердин бардыгы анын жаркын болушу үчүн иш алып барууда", — деген министр.

Ишенимдүү өнөктөш катары Лавров Кытай менен Индияны мисал келтирген.
Элчи Удовиченко: Россияда кризис болот дегендердин тилеги таш капты