Депутат "Ала-Арча" паркын трансформациялап, бизнес объектилерди курууну сунуштады

Депутат министрге сунуштаган долбоорун биргеликте ишке ашырууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов "Ала-Арча" улуттук паркын трансформациялап, бизнес объектилерин курууну сунуштады.
Учурда "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы өкмөттүн туристтик сезонго даярдыгы тууралуу маалыматын угуп жатат.
Эл өкүлү маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловго сунуштарын айтты.
"Азыр "Ала-Арчага" барып от жагып, таштандыларды калтырып кетишет. Келиңиз, экөөбүз кыялданып көрөлү. Улуттук парк дейбиз, бирок аны трансформация кылсак жакшы болмок эле. Ичине автоунааларды киргизбей, веложолдорду, экотранспортту уюштурсак. Киргенде эле ресторан, мейманканалар башталса, өйдө жагына панорамалык ресторандарды, амфитеатр салсак, аркан жолдорду койсок. Өзүбүздүн жарандар үчүн кэмпинг уюштурса болот. Ал жерде ижарага казаны, отуну болот, таштанды таштоочу жайы да бар. Биздикилер азыр таштандыны чар-жайыт таштайт, улуттук парк болгону менен баркына жетпей жатабыз. Ошондой чоң долбоорлорду бирге жасабайлыбы", — деди Сулайманов.
Министр Жаманкулов "Ала-Арча" паркын жакшыртуу боюнча долбоорду иштеп чыгып, учурда өкмөттө турганын билдирди.
"Парктын баарын ресторан кыла албайбыз, биздин долбоордо бир-эки жерге чакан болуп курулат. Аркан жолдор, маданий иш-чараларды өткөрө турган амфитеатр, анан кэмпинг жайлары болот. Инвесторлор кээ бир жерлерине салым кошконго даяр. Бирок ичинде саясий маселелер көп, ошолор азырынча чечилбей жатат", — деди министр.
Ошондой эле ал "Манас" айылын оңдоп-түзөө боюнча да долбоор жакын арада башталарын белгиледи.
Бекешев: 16 гектар жерге бийик имараттар курулса Бишкек дем ала албай калат