Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мариуполь: "Азовсталь" аймагынан атышкан, жарылган үндөр угулууда. Видео

Кечээ, 21-апрелде, Россиянын президенти Владимир Путин "Азовсталга" штурм жасоонун кереги жоктугун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Мариуполдо украин улутчулдарынын тобу курчалган "Азовсталь" комбинатынын аймагында атышуу, жарылуу угулууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Шаардын сол жээк тарабында авиация жана артиллериянын үндөрү угулуп жатканы айтылды. Билдирмеге караганда, ал жакта ок-дарылар жарылышы ыктымал.
Кечээ, 21-апрелде, Россиянын президенти Владимир Путин "Азовсталга" штурм жасоонун кереги жоктугун айткан. Мындай чечимин ал "Биз өзүбүздүн аскерлер менен жоокерлердин өмүрү, саламаттыгы тууралуу ойлошубуз керек" деп түшүндүргөн.
Буга чейин Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Владимир Путинге жасаган докладында РФ аскерлери менен ДЭРдин элдик милициясы Мариуполду бошотконун, "Азовсталь" комбинатынын аймагында эки миңге чукул согушкер курчалып турганын айткан.
Эске салсак, украин улутчулдары Мариуполь портуна чабуулду атайын аскердик операциянын биринчи эле күнүндө башташкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шойгу: Мариуполдогу жай тургундардын өмүрүн сактоо үчүн бардык чара көрүлдү