БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелип кармалган аялга дагы эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Марттын башында журналист кыздын өлүмү боюнча 33 жаштагы блогерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси ("Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү") боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.
Ага азыр 190-берене ("Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу") менен 280-берене ("Бейбаштык") кошулган.
37 жаштагы журналист Арзыгүл Галымбетова 26-мартка караган түнү жүрөгү кармап каза болгону айтылган. Андан кийин 25-март күнү журналист Баткен облустук милициясына келип "Батма-бат" Youtube каналында иштеген блогер кыз аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат деген таризде арыз жазганы белгилүү болгон. Милиция ошол эле күнү арыздануучунун ден соолугу начарлап ооруканага кайрылып, дарыгерлердин жардамына карабай каза болуп калганын билдирген.