Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шойгу: Мариуполдогу жай тургундардын өмүрүн сактоо үчүн бардык чара көрүлдү

Министр белгилегендей, украиналык армия менен улутчулдар батальону жай тургундарды тирүү калкан катары колдонгон.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Россиянын армиясы менен ДЭРдин элдик милициясынын бөлүктөрү жай тургундардын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык чараны көрүштү. Бул тууралуу РФ коргоо министри Сергей Шойгу Владимир Путин менен жолукканда билдирди.
Анын айтымында, каршылык көрсөткөн улутчулдар дээрлик бардык турак жайларды сокку уруучу жайга айландырган. Үйлөрдүн биринчи кабаттарына ок өтпөс техника менен артиллерия коюлса, жогорку этаждарга снайперлер жайгаштырылган.
Шойгу белгилегендей, ортоңку кабаттарга жана жер төлөгө бардык жашоочуларды топтоп, аларды тирүү калканга айландырышкан. Мындай көрүнүш дээрлик бардык үйдө болгон. Украинанын армиясы менен улутчулдар батальону артка чегинген кезде жай тургундарга жашырынган.
"Алар артка чегинген кезде өздөрүн коргоо үчүн жер төлөдөгү адамдарды сыртка кууп чыгып жатышты. Россиялык армия менен ДЭРдин элдик милиция бөлүктөрү жай тургундардын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрүштү", — деди Шойгу.
РФ президентинин тапшырмасы менен 21-марттан тарта жай тургундар менен чет элдик жарандарды эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридорлор ачылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мариуполь бошотулуп, "Азовсталда" согушкерлер курчалып турат