БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Окумуштуулар булчуң релаксациясы узак жана тынч уктоого жардам берерин айтышат. Алардын пикирин Daily Mail басылмасы жазды.
Муну аныктоо үчүн жүргүзүлгөн экспериментке 50 киши катышып, аларга күндүз уктап туруу сунушталган. Жатар алдында алардын жарымы он мүнөт бою спорттук көнүгүүлөргө ылайыктуу музыка угуп, булчуң көнүгүүлөрүн жасашкан. Экинчи топ Моцарттын музыкасын угушкан.
"Булчуң көнүгүүлөрүн жасаган адамдардын мээсинин уйкуга жооп берген оң жарым шары жакшы иштеп, организмди толугу менен калыбына келтиргени байкалды. Бул техниканын аркасында уйку учурунда эс тутум жана эмоционалдык абал сыяктуу маанилүү функциялар жакшыраак калыбына келет”, — деп айтылат билдирүүдө.
Андыктан адистер маал-маалы менен булчуңдардын релаксациясын кылып турууну сунуштайт. Бул көнүгүүлөрдү туура кылуу үчүн видеолорду жана аудиолорду интернеттен тапса болот.