Парламент жолго акы төлөө мыйзамын кабыл алды

Фондго күйүүчү майдын акциз салыгынан жана автоунаалардын каттамына акы төлөтүүнүн эсебинен каражат түшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш "Жол фонду жөнүндө" мыйзамдын долбоорун үч окууда кабыл алды.
Аталган демилгеге 79 депутат макул болуп, каршы чыккандар болгон жок.
Аталган мыйзам долбоорун былтыр депутаттар Нурбек Алимбеков, Улугбек Ормонов, Акылбек Жапаров, Аалы Карашев жана Султанбек Анарбаев демилгелеп, биринчи окуудан өткөн. Максаты — Жол фондун түзүү менен өлкөдөгү жолдорду талаптагыдай оңдоп-түзөөгө каражат табуу. Фондго күйүүчү майдын акциз салыгынан жана автоунаалардын каттамына акы төлөтүүнүн эсебинен каражат түшөт.
Демилгечилер бензин жана дизелдик отунга акциздик салык 2026-жылга чейин жыл сайын тоннасына 2 сомдон кошулуп турарын айткан. Ошондо алты жылдын аралыгында 12 сомго көтөрүлмөк. Мындан фондго алгачкы жылы 2,4 миллиард сом, 2026-жылы 14,4 миллиард сом түшөрү жазылган.
Ал эми 2022-жылдан тарта жүк ташуучу автоунааларга бир чакырым үчүн бир сомдон төлөтүү сунушталган. Жыл сайын бир сомдон кошулуп отуруп, 2030-жылы бир чакырым жолдон өтүү 10 сомго жетет. Мындан биринчи жылы 500 миллион сом, эң акыркы жылы 4,5 миллиард сом жыйналат.
Жол фонду кандай система менен иштей турганын Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.
Депутат: оң рулдуу таксилердин иштешин чектеп, элди удургута бербейли