Депутат: оң рулдуу таксилердин иштешин чектеп, элди удургута бербейли

Депутат такси кызматында иштегендердин 60 пайызы оң рулдуу автоунааларды айдай турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева оң рулдуу унаалар менен такси кызматында иштөөгө тыюу салып элди удургутпоого чакырды.
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева
Белгилей кетсек, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы оң рулдуу автоунаа менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салуу мыйзам долбоорун иштеп жатканы маалым болгон.
"Такси кызматында иштегендердин 60 пайызы оң рулдуу автоунааларды айдайт. Кайра-кайра эле ушул маселени алып чыгып коомчулукту удургута бербей, альтернативдүү вариант болгондо гана көтөрсөк. Аларды жумуш менен камсыз кылсак. Ушул маселеде этият болсок дегим келет", — деди Талиева.
Кыргызстанда оң рулдуу автоунааларды коммерциялык максатта колдонууга тыюу салган мыйзам бар. Ал 2013-жылы кабыл алынып, 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген. Андан кийин айрым депутаттар Ички иштер министрлигинде документтин аткарылышын көзөмөлдөө механизмдери жок болгондугуна байланыштуу аны жокко чыгарууну сунушташкан.
Сөз болуп жаткан автоунааларды таксиде пайдаланууга тыюу салуу маселеси 2018-жылдан тарта көтөрүлүп, бирок парламентарийлер бул сунушту жактырган эмес. Андан тышкары, таксисттер өздөрү да митингге чыгып, жумушсуз каларын, такси паркында машиналар азаярын айтышкан. 2017-жылы тыюу салууну 2020-жылдан тарта күчүнө киргизе турган мыйзамга кол коюлган.
Анткен менен 2019-жылы Жогорку Кеңеште 2025-жылга чейин жылдыруу маселеси көтөрүлүп, министрлер кабинети бул идеяны колдогон.
ЖКККББнын башчысы оң рулдуу унааларга каршылыгынын негизги себебин айтты