Мэрия Бишкекте транспорттон жоголгон буюмдарды кантип тапса болорун айтты

Коомдук транспортто жоголгон буюмду табуу үчүн же кайтаруу максатында түшкөн унааны издөөнүн кажети жок.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы коомдук транспортто жоголгон буюмдар үчүн бюро уюштурулганын эске салды.
Муниципалитет Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспортто буюмун жоготкон же таап алган адамдар көп кайрыла турганын белгиледи. Мындан улам аталган бөлүм тарабынан жоголгон жана табылган буюмдар үчүн кеңсе уюштурулган.
"Эгерде сиз коомдук транспортто кандайдыр бир нерсени жоготуп же таап алсаңыз, анда азыр сизге шаар боюнча тигил же бул маршрутту издөөнүн кереги жок. Департаментке кайрылып, өтүнүч калтыруу жетиштүү, бул издөөнү бир топ жеңилдетет", — деп жазылган маалыматта.
Арызда унутулган же табылган нерсени кенен сүрөттөп, каттамдын номерин, ордун жана убактысын көрсөтүү зарыл.
Кайрылууну 7-Апрель көчөсү, 4а дарегине же (0559) 69-69-48 WhatsApp номерине калтыруу керек.
Унаа токтоткон жайда эреже бузгандарды байкасаңыз чалыңыз! Телефондор