БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. 4-5-май күндөрү Бишкекте Кыргызстандын футбол союзу жана президенттик администрация уюштурган "Мурас" футбол мелдеши өтөт. Ага президент Садыр Жапаров да катышарын мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, улуттук футболдун 100 жылдыгына арналган бул турнир жылына эки жолу өткөрүлөрүн Жапаров билдирген.
Бул жолу чемпиондук наам үчүн 12 команда ат салышат:
1.
"Президенттик аппарат" (жетекчиси Жапаров);2.
"Өнөр" (маданият ишмерлери);3.
"Бизнес" (бизнес коомчулугунун өкүлдөрү);4.
"Журналист" (ЖМК өкүлдөрү);5.
"Алга" (ата мекендик футболдун ардагерлери);6.
"Спорттук федерациялар" (спорттук федерациялардын жетекчилери);7.
"Жогорку Кеңеш" (парламенттин депутаттары);8.
"Аймактар" (президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери);9.
"Ыйман" (дин өкүлдөрү);10.
"Элчилер" (чет мамлекеттердин элчилери);11.
"Ден соолук" (башкы дарыгерлер жана ооруканалардын башчылары);12.
"Билим" (мектептердин директорлору жана жогорку окуу жайларынын ректорлору).Турнир Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын түз эфиринде жана КТРК "Спорт" телеканалы аркылуу көрсөтүлөт.