Депутатты мандатынан ажыратуу үчүн канча шайлоочунун добушу керек? Долбоор

Адахан Мадумаров демилгенин 8-беренесинде өтө опурталдуу маселе бар экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш депутатынын мандатын артка чакыртып алуу механизими сунушталды.. Бул туурасында эл өкүлү Марлен Маматалиев билдирди.
Ал бүгүн "ЖК депутаттарынын статусу жөнүндө" мыйзам долбоорун демилгелеп, жалпы жыйынга алып чыккан.
Документке ылайык, бир мандаттуу округдун депутаттарынын мандатын артка чакыртып алуу үчүн шайлоочулардын 50 миң добушу керек. Ал эми партия аркылуу шайлангандарга 70 миң добушу талап кылынат.
Талкуу учурунда депутат Адахан Мадумаров демилгенин 8-беренесинде өтө опурталдуу маселе бар экенин айтты.
"Жогорку Кеңешке, шайлоочуларга жана бүтүндөй мамлекетке шек келтире турган аракеттерге, билдирүүлөргө жана жоруктарга жол бербөөгө тийиш" деп жазыпсыңар. Аны ар ким кандай түшүнөт да. Мисалы, мен "Жогорку Кеңеш өз эркин билдире албай жатат, аткаруу бийлигине моюн сунуп калды" десем шек келтирген болобу?" — деп сурады Мадумаров.
Маматалиев андай учурда шек келе турганын айтты.
Мындан улам ал ушундай жол менен Мадумаровдун мандатынан ажыратып салуу мүмкүн экенин белгилеп, бул норманы алып салууга чакырды.
Андан соң Маматалиев шек келтирген учурда депутат тартипке гана чакырыларын кошумчалады.
Эскерте кетсек, депутаттык мандатты артка чакыртып алуу нормасы жаңы Конституция кабыл алынганда киргизилген, мындан улам ЖК депутаттарын статусу жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкты.
Шаирбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырбайт